Пресс-борбор

Жыл башынан бери Кыргызстанга канча турист келгени айтылды

Өлкөнүн Туризм департаментинин башчысынын орун басарынын айтымында, Кыргызстан азыркы тапта өзүнүн туристтик мүмкүнчүлүгүнүн 20 пайызын гана пайдаланат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанга бир миллионго жакын чет элдик турист келген. Мындай маалыматты Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысынын орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

"Биздин эсеп боюнча жыл башынан тарта Кыргызстанды дээрлик миллионго жакын чет элдик эс алуучу көргөн. Алар Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм (UNWTO) классификациясына кирип калат. Деген менен Кыргызстан азыркы тапта өзүнүн туристтик мүмкүнчүлүгүнүн 20 пайызын гана колдонуп жатат", — деген ал.

Бүт Европа бизге тартылгандай. Департамент КРге туристтер көп келип жатканын айтты
Кенжематованын билдиргенине караганда, бул маалымат Улуттук статистика комитетинин көрсөткүчүнө дал келбей калышы мүмкүн. Анткени анда туризмдин уюшулган сектору (жолдомо, турлар аркылуу келүү) гана эске алынат. Кыргызстанга уюмдашпаган, жеке саякатчылар да көп сапар алат.

Статкомдун маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстанга 1,8 миллион чет элдик саякат жасаган. Ал эми Туризм департаментинин эсебинде өткөн жылы сегиз миллион эс алуучу өлкөгө келип-кеткен.