Кыргызстандык алп мушкер Тилек Жээнбеков октагонго чыгат

Бул кыргызстандык атлеттин ММА спортундагы дээрлик төрт жылдык тыныгуудан кийинки алгачкы беттеши болмокчу. Акыркы жолу таймашка 2018-жылы чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстандык атактуу ММА мушкерлеринин бири Тилек Жээнбеков көп жылдык тыныгуудан кийин OPEN FC лигасында беттешке чыгат. Мушкерлер уюму анын атаандашы менен постерин чыгарды. 

Жээнбеков OPEN FC 8 мелдешинин экинчи башкы беттешинде "самаралык бульдозер" каймана аты бар россиялык Олег Кубанов менен кез келет.

Хабибдин EFC уюму кыргызстандык Данияр Бабакуловдун атаандашын жарыялады
Бул кыргызстандык атлеттин ММА спортундагы дээрлик төрт жылдык тыныгуудан кийинки алгачкы беттеши болмокчу. Акыркы жолу ал 2018-жылы кореялык Жун Су Лима менен кармашып  утуп алган.

Ал эми  атаандашы "самаралык бульдозер" 11 беттешке чыгып, анын алты учурунда жеңишке жеткен. Бардык атаандашын мөөнөтүнөн мурда уткан. Ал эми беш жолу утулган.

Лиганын мелдеши 14-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.