Өткөн суткада коронавирус 13 кыргызстандыктын өмүрүн алып кетти

Адаттагыдай эле көз жумгандардын көбү, тагыраагы, 13 өлүмдүн жетөө Бишкекте катталган. Жалпысынан вирустан 2 301 киши каза тапты.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус 13 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Каза болгондор:

  • Бишкек — 7;
  • Чүй — 3;
  • Ош шаары — 1;
  • Ош — 1;
  • Ысык-Көл — 1.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 2 301 адам коронавирустун курмандыгы болду.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 3 746 бейтап стационарларда дарыланып жатат. Анын ичинен 1 001 адамдын абалы оор болсо, 213 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.