Бишкек: коомдук транспортто эми Visa картасы менен да жол кире төлөөгө болот

Мэрия транспортто орнотулган терминалдар Кыргызстандын бардык банктарынын Visa карталарын төлөм үчүн кабыл алат деп ишендирди.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкектин автобус жана троллейбустарында Visa картасы аркылуу жол кире төлөө ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жүргүнчүлөр жол кирени төлөө үчүн банктык картасын валидаторго тиркесе жетиштүү болот. Жаңы функциянын учурда бардык муниципалдык транспорттордо сынамык тартипте иштеп жатканы белгиленет.

Мэрия шаардык кеңешке маршруткадагы жол кире маселесин кароону сунуштады 
Мэрия транспортто орнотулган терминалдар Кыргызстандын бардык банктарынын Visa карталарын төлөм үчүн кабыл алат деп ишендирди.

Жол кирени "Тулпар" картасы менен да төлөөгө болот. Жол акысын накталай эмес ыкма менен төлөөнү (атайын картаны пайдалануу менен) камтыган бул долбоор былтыр киргизилген.