Коронавирус: Бишкек менен Чүйдөгү ооруканаларда 700дөн ашуун бош орун бар

Бош орундардын көбүн Воронцовкадагы Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту менен Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинен табууга болот.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын ичиндеги жана четиндеги  ооруканалардагы коронавируска кабылгандарды жаткыра турчу медициналык 18 жайда 725 орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалымат бүгүн, 29-июль, саат 8:00гө карата берилди:

  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 188;
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 125;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 69;
  • Улуттук госпиталь: нейрокорпус — 59;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 40;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 34;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 29;
  • Наркология  боюнча улуттук борбор  — 27;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 26;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 25;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 24;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 18;
  • Аскердик госпиталь — 14;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 13;
  • Улуттук хирургия борбору — 12;
  • Улуттук госпиталь. Урология корпусу — 10;
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 4.
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 1.