БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткендин тургундары үчүн элден чогулган акчанын бир бөлүгү Максат айылына таза суу чыгарууга жумшалат. Бул туурасында экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, элден которулган акча үчүн атайын ачылган эсепке 118 миллион сом түшкөн. Бирок учурда анын бир сому да сарптала элек.
"Бул маселени жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлгөн комиссия карайт. Учурда Максат айылындагы таза сууну чыгаруу үчүн калыбына келтирүү иштерин аткаруу боюнча алгачкы табыштама келип түштү. Ага 12,8 миллион сом каралууда. Бүгүн-эртең чечим чыкса, каражат бөлүнөт", — деди Иманалиев.
Мындан сырткары, ал Баткен облусун калыбына келтирүүгө өлкө бюджетинен 1 263 миллион сом каралганын, бүгүнкү күндө 465 миллион сому бөлүнүп берилгенин кошумчалады.