БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Компьютердик оюндарды ыгы жана чеги менен ойногон кезде алар балага бир топ пайда алып келет. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине "Код Класс" деп аталган балдар үчүн программисттер мектебинин усулчусу Никита Бледнов айтып берди.
Алгач адис кайсы курактагы бала компьютердик оюнга бир күндө канча убакыт кетирсе болорун түшүндүрдү.
Анын айтымында, үч жашка чейинки балдарды виртуалдык оюндарга жолотпой эле койгон туура. Ал эми 4-7 жаштагы балдар күнүнө 30-40 минут, 11-12 жаштагылар 1,5 сааттын тегерегинде ойносо болот. Эгер бала 6-7 саат экранды тиктеп, онлайн оюндардан башкага кызыкпай калса ата-энеси тынчсызданышы керек.
“Эми виртуалдык оюндардын пайдалуу жагын санап берейин. Азыр көпчүлүк оюндар команда менен ойнолот. Мында бала жамаатта иштегенге, башкаларга ыңгайсыздык жаратпаш үчүн өз милдетин так аткарууга үйрөнөт. Айрым оюндар баладан жеңил-желпи программалоону талап кылат. Чыгармачылыкты дагы өнүктүргөн оюндар бар. Демек, кыйын оюнчулардан кийин мыкты программист же жаратман адам чыгышы толук мүмкүн”, — деди усулчу.
Ошондой эле ал компьютердик оюндар айрым учурда ата-энеге балага жакын болууга жардам берерин айтты. Тагыраагы, командалык оюндарда чогуу ойноо ата-баланы батыраак тил табыштырат.