Каргашалуу унаа кырсыктары. Чүй менен Ысык-Көлдө кошумча посттор коюлат

Посттордо жол тескөөчү кызматкерлер менен чогуу наркологдор жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү иштешет.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Чүй жана Ысык-Көл облустарында туристтик мезгилде жол кырсыктары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу бир нече жерде кошумча посттор коюлат. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жол кыймылынын эрежелерин аныктаган посттор Кемин, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында жана Чок-Тал айылында коюлат.

Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып, бир кыз каза болду. Сүрөттөр
Посттордо жол тескөөчү кызматкерлер менен чогуу наркологдор жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү иштешет.

Акыркы жумада республикада 14 676 жол эрежесин бузуу аныкталды. Айдоочулардын көбү ылдамдыкты ашырып айдаган, жол белгилеринин талаптарын аткарган эмес, тиешелүү документтери жок жүргөн, мас болуп рулга отурган, айнектерин караңгылаткан жана башка себептер болгон.

ЖКККББ айдоочуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырып, жол кыймылынын эрежесин бузган фактыга күбө болгондорду 0312 630901, 0556 630009 номерлерине кабарлап коюуну өтүндү.