БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Сауд Аравиясынын бийлиги коронавируска каршы вакцина алган чет өлкөлүктөргө кичи ажылык жасоо үчүн өлкөгө кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Gulf News жазды.
Ага ылайык, аталган мамлекет зыяратчыларды 10-августтан баштап кабыл ала баштайт. Кичи ажылыкка барууну каалагандар Сауд Аравия жактырган Pfizer, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZeneca вакциналары менен эмделген болушу шарт же ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көргөзүшү зарыл.
Өлкөгө киргенден кийин зыяратчылар карантинден өтүп, андан кийин кайрадан анализ тапшырууга тийиш экени кошумчаланды.
Эске салсак, быйыл ажылык 17-22-июлга чейин өткөн. Ага былтыркыдай эле Сауд Аравиянын коронавируска каршы вакцина алган 18 жаштан 65 жашка чейинки 60 миңдей тургуну катышкан. Чет өлкөлүктөр үчүн эшик жабык болгон.