Трактор поезддин күйүп жаткан бөлүгүн цистернадан оолактатып сүйрөп кетти. Видео

Куткаруучу Нижний Новгород облусундагы (Россия) темир жолдо жарылууну алдын алууга жетишти. Ал трактордун жардамы менен жүк ташуучу поезддин күйүп жаткан локомотивин күйүүчү май куюлган цистернадан алыстатып сүйрөп кетти.
Sputnik

Окуянын видеосун күбөлөрдүн бири YouTube-каналына жүктөдү.

Окуя Нижний Новгород облусунун Навашино районундагы Тушино айылында болгон. 20-июль күнү кечинде күйүүчү май куюлган цистерналарды ташып бараткан жүк ташуучу поезд өрттөнүп кеткен.

Дубайда катуу жарылуу болду. Видео
Аталган облустун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы билдиргендей, өрт электровоздун экинчи бөлүгүндө башталган жана анын келип чыгышына электр жабдыгынын бузулуп калышы себеп болгон.

Өрттү өчүрүүгө жергиликтүү куткаруучулар тартылган. Алардын бири Сергей Дажинов локомотивди күйүүчү май куюлган цистерналардан оолактатып сүйрөп кетип, кырсыкты алдын алып калган.

Локомотивдин салмагы төрт тонна экени айтылат. Поездди сүйрөгөн трактордун үлгүсү жазылган эмес.