БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Президенттик администрация "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамын өзгөртүүнү сунуштады.
Анда кызматкерлер үчүн жаңы кепилдиктер каралган.
23-беренеде кызмат адамдарына кошумча дем берүү максатында мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун колдонору жазылган.
Учурда колдонулуп жаткан мыйзамда алкыш жарыялоо жана башка сыйлыктарды берүү гана каралган. Ал эми жаңысында ага кошуп мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 30 жыл жана андан көп иштеген адамдарга 1 миллион сом өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөө сунушталууда. Бул соңку убакта иштеп жаткан мекеме тарабынан берилет. Мындан сырткары, мындай категориядагы кызматкер бюджеттин (республикалык жана жергиликтүү) эсебинен өмүр бою медициналык тейлөө менен камсыздалат. Ал акыркы иштеген жери боюнча таризделет.
Кызматчы өлтүрүлгөн же кесибине байланыштуу ооруга кабылып, же ден соолугуна келтирилген зыянга байланыштуу каза болгон учурда анын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом өлчөмүндө бир жолку компенсация берилет.
Азыркы колдонуудагы мыйзамда компенсациянын суммасы өкмөт тарабынан аныкталары жазылган.