Кыргызстан тышкы карыздын жарымынан көбүн жол куруу үчүн алган

Парламентте Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушуна чет жактан 128 миллион доллар насыя алуу келишимин ратификациялоо каралууда.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстан 1996-жылдан бери жол курууга чет өлкөдөн 2,5 миллиард доллар карыз алды. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев парламентте билдирди.

Ал эми финансы жана экономика министринин орун басары Мирлан Байгончоков учурда тышкы карыздын суммасы 4 миллиард 187 миллион доллар экенин айтты.

"Биздин мамлекеттик карызыбыз (ички-тышкы) беш миллиард долларга чукул. Ошонун жарымы жол тармагына кетти. Бирок Ош — Бишкек, Ош — Исфана жолу талкаланып калган. Автокырсыктардын көп катталып жатканы да ушул жолдун начардыгынан", — деп сынга алды депутат Өмүрбек Бакиров.

Учурда парламентте 81 чакырымдык Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушуна чет жактан 128 миллион доллар насыя алуу келишимин ратификациялоо каралууда.