Пресс-борбор

Кыргызстандагы коррупциялык "пирамидалар" боюнча маалымат берилди

АИКтин башкы катчысынын айтымында, пирамиданын башындагыларга жетиш үчүн ылдый жагынан баштап тазалаш керек. Бирок бул эффективдүү эмес жол.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Республикадагы коррупциялык "пирамидалар" кандай иштеп жатканын президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин (АИК) башкы катчысы Нуруйпа Муканова Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде айтып берди.

Кыргызстандагы коррупциялык "пирамидалар" боюнча маалымат берилди

Адистин пикиринде, мамлекеттик башкармалык масштабдык деңгээлдеги тазалоого муктаж.

"Коррупциянын феномени пирамида сыяктуу. Эң башында тургандар пайда көрүүчүлөр. Алар изин жашыруу үчүн системага абдан көп адамды тартышат. Башындагыларга жетиш үчүн ылдый жагынан баштап тазалаш керек. Бирок бул өтө көп убакытты талап кылган эффективдүү эмес жол. Ошондуктан тазалооону үстүнөн башташ керек", — деди катчы.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2021-жылдын июль айында Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзгөн. Анын негизги максаты — коррупцияга каршы иштөө маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу.