Казакстанда бир суткада 7 миң киши COVID жугузуп, 100дөй бейтап көз жумду

Казакстан жетекчилиги 2-августтан тарта Нур-Султан, Алматы, Шымкент, Караганда жана Атырау шаарларында карантиндик чараларды күчөтүүнү пландап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Казакстанда өткөн суткада коронавирус жугузуп алгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Sputnik Казакстан агенттигинин жазганына караганда, акыркы 24 саат ичинде коңшу өлкөдө 6 925 адамдан вирус аныкталып, 92 адам көз жумду.

Жуктургандардын көбү Алматы жана Нур-Султан шаарында катталууда.

"Бир нече күн мурда сутка ичинде каза болгондордун саны 110го жеткен. Ушул тапта өлкө боюнча коронавирустан көз жумгандардын саны 5 619га, пневмония өмүрүн алгандардын саны 3 660ка чукулдады", — деп айтылат кабарда.

Ооруканада жаткандардын ичинен 1,5 миң киши оор абалда болсо, 319у өтө оор абалда. Ал эми 160 бейтап өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруу аппаратында жатат. 

Өлкө бийлиги 2-августтан тарта Нур-Султан, Алматы, Шымкент, Караганда жана Атырау шаарларында карантиндик чараларды күчөтүүнү пландап жатат.