Кадыр Маликов муфтийдин орун басарлык кызматынан кетүүнү чечти. Себеби

Муфтийдин атына жазылган арызда Маликов ден соолугуна байланыштуу кызматтан бошотууну суранган. Орун басарлык орунга ал 2020-жылдын август айында дайындалган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Кадыр Маликов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Жакында эле муфтияттан кетип, болгон күч-аракетимди илимий-окутуучулук жана руханий-агартуучулук жагына жумшоону чечтим", — деген Маликов.

Муфтийдин атына жазылган арызда ал ден соолугуна байланыштуу кызматтан бошотууну суранган.

Орун басарлык орунга Маликов 2020-жылдын август айында дайындалган.