Ааламда ири жаратылыш кырсыктары эмнеге болуп жатканын окумуштуулар түшүндүрдү

Ушул жылы АКШ менен Канаданы мээ кайнаткан ысык каптап, Батыш Европа менен Кытай сыяктуу бир катар мамлекеттерде суу ташкыны биринин артынан бири болду.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Климаттын глобалдык өзгөрүшүнөн улам акыркы убакта дүйнөдө жаратылыш апааттары арбып, аларды токтотуу да оор болуп жатканын Bloomberg жазды.

Агенттик белгилегендей, ЖМКда Батыш Европа менен Кытайдагы суу ташкыны, АКШ менен Канададагы аптап, Сибирдеги өрт, ошондой эле Түркия менен Түндүк Африкадагы температуранын +50 градуска көтөрүлүп, рекорд коюшу тууралуу маалыматтар байма-бай жазылууда.

2030-жылы катуу суу ташкындары күтүлөт. Окумуштуулар себебин түшүндүрдү
Немец метеорологу Йоханнес Кваасанын айтымында, климаттын кескин өзгөрүшү мындан ондогон жылдар мурда атмосферага кир абанын тарашынан башталган. Буга кошумча, планетанын 1,2 градуска ысыганы байкалып жатат.

Bloomberg адамзат зыяндуу заттарды азайтуу аракеттерин кылганда деле глобалдык жылуулуктан кутула албай турганын белгилеген. Ушул кылымдын аягында Жердеги температура 0,3 градустан 0,8 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонууда.