Дарыгер коронавирустан кийин кимдерде тромбоз пайда болорун айтты

Дарыгер коронавирус жүрөк-кан тамыр илдети жана эндокринологиялык оорусу барларга өтө кооптуу экенин айтып, алардын каны тез-тез уюп, көбүнчө тромбоздон каза табарын белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Коронавирус өтүшүп кеткенде бейтаптын кан тамырында тромб пайда болуп, тромбозго жеткириши ыктымал. Ал адам өмүрүнө, айрыкча генетикалык жактан жакындарга коркунуч алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу инфекционист Андрей Поздняковдун айтымына таянып РИА Новости билдирди.

Дарыгер белгилегендей, эндотелий коронавирустун көбөйүшүнө ыңгайлуу болгон клеткалардын бири. Аны вирус жабырката баштаганда кан тамырдын ички кабыгы ийкемдүүлүгүн жоготуп, кан жүгүрүү кыйындай баштайт.

"Коронавирус кан тамырдын ички кабыгын жабыркатканда эндотелий кайра калыбына көп убакытта келет. Мындан улам тромбоз пайда болушу ыктымал. Ошол эле маалда адам организминде тромб өрчүп жатканын билбей калат", — деди медик.

COVID бир саатта эле күчөп, инфарктка жеткирүүдө. Адистин түшүндүрмөсү
Инфекционисттин айтымында, эндокринологиялык оорусу барлар, ашыкча салмак менен жабыркагандар, өнөкөт жүрөк оорусу барлардын тромбозго кабылуу тобокелчилиги көбүрөөк.

Поздняков ошол себептен коронавирус жүрөк-кан тамыр илдети жана эндокринологиялык патологиясы барларга өтө кооптуу экенин айтып, алардын каны тез-тез уюп, көбүнчө тромбоздон каза табарын кошумчалаган.