COVID дагы 13 кишинин өмүрүн алды. 28-июлдун статистикасы

Ушуну менен пандемия башталгандан бери вирустун курмандыгы болгондордун саны жалпысынан 2 288ге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан 13 киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди.

Аймактар боюнча карай келгенде төмөнкүчө:

  • Бишкек шаарында – 8;
  • Чүй обусунда – 3;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 1.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери вирустун курмандыгы болгондордун саны жалпысынан 2 288ге жетти.