Ошто жарыштан четтетилген "Биздин Кыргызстан" партиясы БШКны соттон утуп алды

Судья Анар Эгембердиева даттанууну канааттандырып, БШКнын партиянын жеңишин жокко чыгаруу боюнча чечимин жараксыз деп тапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине шайлоодо жеңиши жокко чыгарылган "Биздин Кыргызстан" партиясы соттон утуп алды. Бул тууралуу партия лидери, ЖК депутаты Айбек Осмонов Facebook баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы "Биздин Кыргызстан" шайлоо өнөктүгү учурунда добуш сатып алуу менен алектенгени аныкталганы туурасында ИИМдин берген материалына таянып жарыштан четтеткен. Буга нааразы болгон саясий уюм Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган.

БШК Бишкек шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосун тааныды
Осмоновдун айтымында, сот отуруму бүгүн, 28-июлда, өтүп, судья Анар Эгембердиева төрайымдык кылган. Натыйжада ал даттанууну канааттандырып, БШКнын партиянын жеңишин жокко чыгаруу боюнча чечимин жараксыз деп тапкан.

БШК эгер бул чечимге макул болбосо үч күндүн аралыгында Жогорку сотко кайрылууга укуктуу.

"Биздин Кыргызстан" партиясы шаардык кеңешке кайра шайлоонун алдында түзүлгөн. Жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов.

11-июлдагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Ош шаардык кеңешине төрт партия өткөн. Анда "Биздин Кыргызстан" 32 пайыздан ашыгыраак добуш менен экинчи орунду ээлеген. Ал эми Бишкекте 7 пайыздык босогого бир аз жетпей калган.