Пресс-борбор

Муканова: бийлик антикоррупциялык бийликти атаандаштарын ооздуктоо үчүн түзгөн

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысынын айтымына караганда, АКК менен Финпол жоюлгандан кийин бизнес-коомчулук жеңилдене түштү.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. УКМКнын Антикоррупциялык кызматы саясий атаандаштарды ооздуктап туруш үчүн түзүлгөнүн турмуш чындыгы көрсөттү. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердүүлүк кеңешинин башкы катчысы Нуруйпа Муканова билдирди.

Ал АКК (Антикоррупциялык кеңеш) Коррупцияга каршы ишкердик кеңештен айырмаланып УКМКнын тартип сактоо боюнча түзүмү болгон.

Муканова: бийлик антикоррупциялык бийликти атаандаштарын ооздуктоо үчүн түзгөн
"Бийлик АККны саясий коррупция жана бийлик башында жүргөн "чоңдордун" арасындагылар менен күрөшүү максатында түзүлгөнүн жар салган. Бирок турмуштун чындыгы аталган кызматтын бийликтин оппоненттерин ооздуктап кармап туруу үчүн жаралганын көрсөттү. Бул жазалоочу орган болгон", — деди АИКтин төрайымы.

Ал сөз болуп жаткан кызмат саясий коррупция менен күрөшпөгөндүктөн, президенттин аны жоюп салуу чечими туура болгон деген пикирин билдирди.

Кыргызстандагы коррупциялык "пирамидалар" боюнча маалымат берилди
"Биринчиден, президент мындай ыкманын жардамы аркылуу оппоненттери менен күрөшпөй тургандыгын айтты. Экинчиден, Антикоррупциялык кызмат бизнестин тымтыракайын чыгарды. АКК менен Финпол жоюлгандан кийин бизнес-коомчулук жеңил дем алып калды. Албетте, тартип сакчылар аткезчилик, көмүскө экономика менен күрөшүшү керек, бирок ал көзүнө көрүнгөндү акча өндүрүш үчүн кармай бербей, текшерип анан иш алып барышы керек", — деген Муканова.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2021-жылдын июль айында Антикоррупциялык ишкердик кеӊеш түзгөн. Ал коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттик органдар менен коомдун ортосундагы майнаптуу диалог түзүү боюнча иш алып барышы керек. Мындан сырткары, анын бизнес менен инвесторлорго жагымдуу шарт түзүп берүүгө көмөктөшүү милдети бар.