БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Мамлекеттик органдардын штатын автоматтык түрдө кыскартуу учурунда эң кесипкөй жана таза кадрлар жумушсуз калып жатканын практика көрсөтүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда КР президентинин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердүүлүк кеңешинин башкы катчысы Нуруйпа Муканова билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик түзүмдөр тазалоого муктаж, бирок кыскартуу учурунда система реформаларга каршылык көрсөтүп, коррупционерлер үчүн жакшы шарттар түзүлөрүн буга чейинки тажрыйба көрсөтүп келген.
"Эмне себептен мамлекеттик органдардагы кыскартуулар алдыга жылбай жатат. Алгач министрликтерди бири-бири менен бириктирип коюшту. Мында эшигиндеги жазуулар гана өзгөрбөсө, калгандары ордунда калды. Экинчи кадам — бири-бирин кайталаган кызматтар жок кылынышы керек. Азыр кыскартуулар жүрүп жатат, система бул процессти бир нече жолу баштан кечирген. Бирок мамлекеттик органдардын штатын автоматтык түрдө кыскартуу учурунда эң кесипкөй жана таза кадрлар жумушсуз калып жатканын практика көрсөтүп келген", — деди Муканова.
Президент Садыр Жапаров июль айында Антикоррупциялык ишкердик кеӊешин түзгөн. Ал коррупцияга каршы туруу, мамлекеттик органдар менен коомдун ортосундагы эффективдүү диалогду камсыздоо менен алектенет. Ошондой эле бизнес менен инвесторлорго жагымдуу шарт түзүп берүүгө аракет кылат.