Токтогул ГЭСине коюлуучу гидроагрегаттын дөңгөлөгү алып келинди. Видео

Кытайдан Кыргызстанга чейинки аралыктын жалпы узундугу 4,7 миң чакырымды түздү. Тетик бул жакка чейин атайын шаймандардын жардамы менен жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстанга Токтогул ГЭСи үчүн гидроагрегаттын дөңгөлөгү алып келинди. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматы билдирди. 

Анда айтылгандай, “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо” долбоорунун алкагында алып келинген тетик ГЭСке жөнөтүлөт. 

Дөңгөлөк Кытайдагы GE Hydro заводунда чыгарылат. Диаметри 5,5 метр, бийиктиги 2,4 метрден жогору, салмагы 76 тонна.

Гидроагрегаттын жумушчу дөңгөлөгү өндүрүш ишканасынан Кыргызстанга атайын шаймандардын жардамы менен жеткирилген. Жабдыктар ГЭСке чейин 4 700 чакырымдан ашык аралыкты басып өткөн.

Станциянын төрт гидроагрегатын тең 2025-жылга чейин алмаштыруу пландалууда.