Олимпиада: суучул Денис Петрашов жарым финалга өтпөй калды

40 катышуучунун ичинен кыргызстандык спортчу 18-орунду ээледи. Жарым финалга чыгуу үчүн саналуу гана ирмем жетишкен жок.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Олимпиада-2020 мелдешинде 200 метрге брасс ыкмасында сүзүү жарышында жарым финалга чыга албай калды. Таймаштын жүрүшүн КТРК Спорт каналы түз алып көрсөттү.

Мелдеш беш сүзүү менен өткөн. Петрашов экинчи топто жарышка чыгып, 2 мүнөт 10,07 секунда жыйынтык менен өз атаандаштарынын арасында алдыда келген.

Олимпиада: дзюдочу Золоев үч эскертүү менен россиялык балбанга утулду
Эрежеге ылайык, беш топтон мыкты натыйжа көрсөткөн 16 спортчу жарым финалга чыгат. Тилекке каршы, 40 катышуучунун ичинен кыргызстандык спортчу 18-орунду ээледи. Жарым финалга чыгуу үчүн жарым секунд жетишкен жок. Мындан улам Денис Петрашов Олимпиада мелдешинен четтеди.

Эске сала кетсек, 24-июлда Петрашов 100 метр аралыкты брасс ыкмасында 1 мүнөт 0,23 секунд убакытта сүзүп өтүп, 27-орунга жайгашкан.