Садыр Жапаров алты сотту кызматка дайындады. Тизме

Ысык-Көл, Чүй, Талас, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына алты талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров алты сотту кызматка дайындаган жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Талапкерлер Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан сунушталган.

Дайындалган соттордун тизмеси:

  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотуна — Маматкулов Русланбек Темиркулович.
  • Балыкчы шаардык сотуна — Мамбетова Чинара Сталбековна.
  • Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна — Чоткараев Тилек Устабаевич.
  • Талас облустук сотуна — Султаналиева Айнура Кенжебековна.
  • Баткен облустук сотуна — Пазылов Мамасаит Мамытович.
  • Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна — Жумагулова Жылдыз Таалайбековна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.