Депутаттар Садыр Жапаров менен жолугуу үчүн бүгүн да резиденцияга барышат

Жолугушуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Эл өкүлү эмне маселе караларын билбей турганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн президент Садыр Жапаров менен жолугат. Бул туурасында парламенттен билдиришти.

Маалыматты Sputnik Кыргызстанга эл өкүлү Айсулуу Мамашова да ырастады.

Жапаров Масадыковду кабыл алып, аны кызматка дайындаган максатын түшүндүрдү
Жолугушуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Мамашова ага чакыруу келгенин, бирок эмне маселе караларын билбей турганын айтты.

Белгилей кетсек, өткөн жумада 21-июль күнү да ЖК депутаттары Садыр Жапаров менен жолугуп, шайлоо системасы боюнча сунушталган мыйзам долбоору ортого салынган. Анда эл өкүлдөрүн ЖК имаратынын жанынан автобуска салып алып кетишкен.