Панфилов районунда эки адам ок жеп, милиция шектүүнү кармады

Териштирүү учурунда жабырлануучулар бейтааныш киши менен урушуп кетип, анын кесепетинен ок жегенин айтып беришкен. 
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Панфилов районунда травматикалык тапанча менен эки адамды атты деп шектелип 41 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

24-июль күнү Панфилов райондук милициясына 30 жаштагы И.А. жана 24 жаштагы Ш.Т. аттуу эки адам ок жеп аймактык ооруканага кайрылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бишкекте адамга ок атылды. Түркиялык жарандын версиясы
Териштирүү учурунда жабырлануучулар Орто-Кайырма айылындагы көчөлөрдүн биринен бейтааныш жаран менен урушуп кетип, андан улам ок жегени маалым болгон.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталаган.

Натыйжада окуяга катыштыгы бар деген шек менен 41 жаштагы К.Н. атуу киши кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал эми куралы алынган. Учурда жаңжалдын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.