Олимпиада: бүгүн дзюдочу Владимир Золоев менен суучул Денис Петрашов күчүн сынайт

Кыргызстандык дзюдочу 16/1 финалда россиялык Алан Хубецов менен кез келет. Олимпиада оюндарына чейин Золоевди колдоо иретинде япониялыктар кыргыз гимнин ырдашкан болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бүгүн, 27-июлда, Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев менен суучул Денис Петрашов күчүн сынайт.

Золоевдин салмагындагы (81 килограмм) атлеттер 8:00дөн тарта чыгышат. Дзюдочулар 16/1 финалдан баштайт. Чүчүкулак боюнча кыргызстандык спортчу россиялык Алан Хубецов менен таймашат.

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токиого жөнөп кетти. Сүрөт 
Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарына чейин Золоевди колдоо иретинде япониялыктар, тагыраагы, хамуралыктар кыргыз гимнин ырдашкан эле.

Денис Петрашов саат 16:00дө күч сынашат. Бул ирет 200 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзөт. Буга чейин, 24-июлда, 100 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында жеке рекордун жаңырткан. Бирок бул ага мелдештин жарым финалына чыгууга жардам берген эмес. Мындай көрсөткүч менен кыргызстандык спортчу 27-орунду ээлеген.