Олимпиада: дзюдочу Золоев үч эскертүү менен россиялык балбанга утулду

Балбандар 16/1 этапта кез келишти. Муну менен кыргызстандык балбан Владимир Золоев Олимпиададагы мелдешин токтотту.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Олимпиада-2020 мелдешиндеги алгачкы күрөшүндө жеңилип калды.

Ал 81 килограмм салмак категориясында россиялык Алан Хубецов менен таймашкан. Негизги бөлүктө кыргызстандык спортчуга эки шидо (пассивдүүлүк үчүн эскертүү) берилди.

Олимпиада: кыргызстандык Петров фехтованиеде экинчи турда утулуп калды. Видео  
Беттеш "Голден скорго" (биринчи упайга же биринчи эскертүүгө чейинки кошумча бөлүк) өттү. Кошумча таймда монголиялык калыс Золоевге үчүнчү эскертүүнү берип, натыйжада жеңиш россиялык спортчуга ыйгарылды. Эрежеге ылайык, таймашта берилген үч шидодон кийин атаандашына автоматтык түрдө жеңиш ыйгарылат.

Балбандар 16/1 этапта күрөшкөн.

Муну менен Кыргызстандын дзюдочусу Владимир Золоев Олимпиададагы мелдешин токтотту.