ЖМК: Кытай өзөктүк курал үчүн 110 шахта куруп жатат. Сүрөттөр

Кытай бийлиги мындай шахталарды куруп жатканы тууралуу маалыматтар коммерциялык спутниктер аркылуу алынганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда континенттер аралык баллистикалык ракета учуруучу 110 шахта курулуп жатат. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.

Кытай бийлиги мындай шахталарды куруп жатканы тууралуу маалыматтар коммерциялык спутниктер аркылуу алынганы айтылат. Аларды АКШнын окумуштуулар федерациясы карап чыгып, бул шахталар өзөктүк курал үчүн экенин айтышкан.

"Курулуш иштери Хами шаарынан болжол менен 100 чакырым аралыктагы чөлдүү аймакта жүргүзүлүп жатат", — дешкен адистер.

Басылма бул нерсе жалпысынан Пекин өзөктүк курал арсеналын бекемдеп жатканынан же кытай бийлигинин АКШ менен Россиянын катышуусундагы курал-жаракка көзөмөл кылуу келишимине аралашууга даярдыгы катары кабылдаса болорун жазган.