10 сомдук купюра эмнеге өзүнөн 280 эсе кымбат сатылып жатат. Себеби

Банкноттун эң кымбат болуп жаткан себеби анын 1997-жылы өзгөчө себеп менен басылып чыкканына байланыштуу экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. 10 сомдук кыргыз акчасы eBay тооругуна сатыкка коюлганы анын сайтында кабарланды.

Кыргызстан жараксыз автоунаа номерлерин темир катары 12 млн. сомго сатты
Баштапкы баасы 33 доллар (2 миң 785 сом) деп бааланган. Бул наркын эсептегенде банкнот өзүнүн номиналынан 278,5 эсе кымбат туруп жатат.

Мындай бааланып жатышынын себеби алмаштырылганында, тагыраагы, BZ сериясында чыгарылганында деп айтышты. Ал жараксыз болуп калгандардын ордуна колдонулат, албетте, мындан улам катар саны да башкача болот. Бул акчалардын нускасы аз экендигинен улам, коллекция кылгандардын арасында дайыма жогору бааланат. Наркы асмандап жаткан 10 сомдук 1997-жылы чыгарылган.