Соңку суткада Кыргызстанда 14 киши коронавирустан каза тапты

COVID-19дан каза тапкандардын көбү Бишкек шаарынан экени айтылды. Пандемия башталгандан тарта 2 275 бейтап өмүр менен коштошту.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Соңку суткада Кыргызстанда 14 киши коронавирустан көз жумганын Республикалык штабдан кабарлашты.

Каза болгондор:

  • Бишкек — 8;
  • Чүй облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 2;
  • Нарын облусу — 1.

Пандемия башталгандан тарта 2 275 бейтап өмүр менен коштошту.

Кечээ Республикалык штаб COVID-19 менен ооругандардын саны аз каттала баштагандыгын айтып, бирок Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал дагы деле курч тургандыгын эскертти.