Жоламан, Акжол, Атабек, Үзүр. Грек-рим күрөшүнүн балбандары Токиого аттанды

Балбандарды "Манас" эл аралык аэропортунан агенттиктин өкүлдөрү, Күрөш федерациясынын башчылары жана күйөрмандар узатышты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бүгүн, 27-июлда, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Балбандарды "Манас" эл аралык аэропортунан Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин өкүлдөрү, күрөш федерациясынын башчылары жана күйөрмандар узатышты.

Олимпиада: дзюдочу Золоев үч эскертүү менен россиялык балбанга утулду
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев менен ага-машыктыруучусу Улукбек Карачолоков жетектеп кетишти.

Белгилей кетсек, биринчилерден болуп 1-августта саат 8:00дө Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм) килемге чыгат. Ал эми 2-августта 77 жана 97 килограмм салмакка чейинкилер арасында Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков өлкө намысын коргомокчу. 3-августта 87 килограмм салмак категориясында Атабек Азизбеков дүйнөнүн мыктылары менен күч сынашат.