Тоолуу аймакта жашагандыктан кыргызстандыктар spf 50 жогорку деңгээлде коргоочу бет май колдонушу керек. Ал эми пляжга баргандар күндөн коргонуучу кремди 15-20 мүнөт сайын жаңылап сүйкөө зарыл. Бул тууралуу Назира Элебесова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, териге кам көрүүдө туура тамактанып, жетиштүү деңгээлде суу ичүү керек.
"Жайында терини коргоочу каражаттарды колдонуу сунушталат. Ар бир адам өз терисинин өзгөчөлүгүнө жараша косметика тандоо абдан маанилүү. Ысыкта курамында ретинол бар, терини агартуучу каражаттарды колдонбош керек. Мында сепкил түшүп же пигменттик тактар карарып кетиши мүмкүн. Негизи беттин териси 70 пайыз косметологдон, калганы үйдөн кам көргөнгө жараша болот. Учурда бетти нымдаштыруучу процедуралар актуалдуу болуп жатат. Бул ийне аркылуу гиалурон гелин куюу, RF лифтинг аркылуу терини жашартуу ыкмалары. Азыр саат 12ден 15:00гө чейин күн ачуу тиет. Андыктан бул убакытта сыртка чыкпай, эртең менен же кечирээк күнгө күйүү сунушталат", — деди Элебесова.
Косметолог күнгө өтө күйүп калганда температура көтөрүлөрүн, бул учурда күнгө чыкпай, көбүрөөк суюктук ичиш керектигин айтты. Андан сырткары, дарыгерге кайрылып, ал сунуштаган майды сүйкөө керектигин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: