БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунун чет жакаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 18 ооруканада 657 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалымат бүгүн, 27-июль, саат 8:00гө карата берилди.
- Улуттук хирургия борбору — 16;
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 33;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 25;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 39;
- №6 шаардык клиникалык оорукана — 3;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 14;
- Чүй облустук бириктирилген оорукана — 18;
- Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 36;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 26;
- Улуттук госпиталь. Урология корпусу — 19;
- Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) — 25;
- Наркология боюнча улуттук борбор — 39;
- Аскердик госпиталь — 16;
- Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 174;
- Улуттук госпиталь (Нейрокорпус) — 28;
- Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 118;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 19;
- КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 9.