Ысык-Көлдө 18 жашар баланы аквапарктын түтүгү соруп кетип, каза болду. Видео

ӨКМден билдиришкендей, Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынын аймагындагы аквапаркта суу соруучу 500 диаметрлик түтүкчөсү 18 жаштагы баланы соруп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бостери айылындагы аквапаркта суу түтүгү соруп кеткен 18 жашар бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.  

“Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынын аймагындагы аквапаркта суу соруучу 500 диаметрлик түтүкчөсү 18 жаштагы баланы соруп кеткен. Жерине төрт куткаруучу, бир экскаватор, милициянын 30 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, түтүкчөнү кесип, анын сөөгүн алып чыгышты”, — деп айтылат билдирүүдө.  

Жеринде тартылган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

Куткаруучулар сөөктү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.