Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып, бир кыз каза болду. Сүрөттөр

Жол кырсыгы Чырпыкты айылында болду. Жеринде каза болгон адамдан тышкары дагы үч киши ар кандай жаракат алды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда автокырсык болуп, бир киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып, бир кыз каза болду. Сүрөттөр

Аталган жолдун 32-чакырымында, тагыраагы, Чырпыкты айылында Toyota RAV4 жана Toyota Yaris автоунаалары сүзүшүп, анын кесепетинде бир кыз каза болду. Мындан тышкары үч адам жабыркаган.

Ал жерге үч куткаруучу барып, каза болгон кыздын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандарды Тез жардам алып кеткен.