Россия мигранттарды кабыл алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтөт 

Буга чейин Россияда ири масштабдагы иш-чара өтсө мигранттарды ишке тартуу боюнча  мыйзам кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Россиянын мыйзам долбоорлору боюнча өкмөттүк комиссия эл аралык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, анын ичинде стадион курууга келген мигранттардын түйшүгүн жеңилдетүү демилгесин жактырды. Бул туурасында РИА Новости Россиянын юристтер ассоциациясынын жетекчиси Владимир Груздевге таянып жазды. 

Анын айтымында, эми ири спорттук мелдештерди, түрдүү эл аралык фестиваль, көргөзмөлөрдү уюштурган тараптарга чет өлкөнүн жарандарын чакыруу укугу берилет. Мындай учурда мигранттардан иштөөгө уруксат кагазы талап кылынбайт. 

Кыргызстанга дагы 9 өлкөнүн жарандары визасыз кире алат
Груздев буга чейин Россияда ири масштабдагы иш-чара өтсө мигранттарды ишке тартуу боюнча мыйзам кабыл алынганын белгиледи. 

Мында бардык эрежелер системалаштырылып, ар бир мелдеш сайын жаңы мыйзам кабыл алуу практикасы токтойт. Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте келген чет элдиктердин даярдык учурундагы мезгилин жана курулуш объектилеринин тезмеси Россия өкмөтү тарбынан бекитилет.