Олимпиада: Өзбекстанга биринчи алтын медалды 19 жаштагы спортчу тартуулады. Видео

68 килограммдык салмактагы жаш спортчу Өзбекстанга биринчи алтын медалды тартуулады. Азырынча ал тхэквондо боюнча Өзбекстандын бирден-бир чемпиону.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Өзбекстандык жаш тхэквондочу Улугбек Рашитов Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада британиялык Брэдли Синденди 34:29 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Жыйынтык көрсөтө албай калдым. Каныкей Кубанычбекованын Токиодон кайрылуусу. Видео
68 килограммдык салмактагы жаш спортчу ошентип Өзбекстанга биринчи алтын медалды тартуулады. Азырынча ал тхэквондо боюнча Өзбекстандын бирден-бир чемпиону. Рашитовго чейин эч ким мындай ийгилик жараткан эмес.

Күмүш Брэдли Синденге кетсе, коло медалды түркиялык Хакан Речбер жана кытайылык Чжао Шуай алган.