БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн чет жакаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 17 ооруканада 699 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалымат бүгүн, 26-июль, саат 10:00гө карата берилди.
- Бош оруну бар ооруканалардын тизмеси:
- Улуттук хирургия борбору — 15;
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 46;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 23;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 60;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 6;
- Чүй облустук бириктирилген оорукана — 12;
- Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 39;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 28;
- Улуттук госпиталь. Урология корпусу — 13;
- Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) — 17;
- Наркология боюнча улуттук борбор — 28;
- Аскердик госпиталь — 12;
- Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 184;
- Улуттук госпиталь (Нейрокорпус) — 54;
- Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 125;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 20;
- КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 13.
Кошумча маалыматтарды map.covid.kg картасына кирип, ар бир ооруканын телефон номерлери аркылуу биле аласыздар.
Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде коронавирусту 1 565 адам жеңип чыкты. Ал эми 973 киши илдет жуктуруп, тилекке каршы, 12 бейтап кайтыш болду.