Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата логотип тандалды. Сүрөт

Сынак кесипкөй чыгармачыл топтордун коомдук иштерге активдүүлүгүн арттырууга багытталып, 50 миң сомдук байге коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата логотип тандалып алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Логотиптин авторлору: Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жаныш Жамурзаев, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Шакир Арыков жана Жеңиш Жанузаков.

"Сынак өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүп, аны менен кошо кесипкөй чыгармачыл топтордун коомдук иштерге активдүүлүгүн арттырууга багытталган", — дешти министрликтен.

Буга чейин сынактын байге фонду 50 миң сом экени айтылган.