Кыргызстандык аялдан 9 килограммга жакын гашиш табылды. Сүрөт

Милицияга 40-45 жаштагы жаран Чүй облусунан Россиянын Новосибирск облусуна баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүргөнү боюнча ыкчам маалымат түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандык аялдан тогуз килограммга жакын гашиш алынды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдирди. 

Маалыматка караганда, милицияга 40-45 жаштагы жаран Чүй облусунан Россиянын Новосибирск облусуна баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Шектүү аялдын ким экени аныкталып, Жазык кодексинин 267-беренеси боюнча (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) каттоого алынган. 

“Тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 1979-жылы туулган Р.Н. аттуу аял кармалды. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 762 даана таңгакталган баңги каражаттары алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 килограмм 930 граммды түзгөн гашиш алынды”, — деп айтылат маалыматта. 

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.