Кооптуулук бар. Ысыктан улам Бишкектин четиндеги көлдөрдүн деңгээли көтөрүлүүдө

Борбор калаанын айланасындагы көлдөрдүн деңгээли нормадан аша баштады. Буга байланыштуу ӨКМ куткаруу отрядын түздү.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Күн катуу ысыганына байланыштуу мөңгүлөр эрип, Чүй облусундагы тоо көлдөрүндөгү суу көтөрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Адыгене көлүндөгү суунун деңгээлин төмөндөтүү үчүн ӨКМдин куткаруу отряды түзүлгөн.

“Аламүдүн районуна караштуу Адыгене көлүндөгү суунун көлөмүн азайтуу үчүн сифондоо ыкмасы колдонулду”, — деди ӨКМден.

Министрликтен буга чейин билдиргендей, тоолуу аймактардагы температуранын жогорулашы мөңгүлөрдү эритип, көлдөрдөгү суунун деңгээлин жогорулатат. Эгер Адыгене көлү жырылып кетсе, Ала-Арча капчыгайына жакын жердеги айылдарды жана "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясын суу каптайт.