БШК Бишкек шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосун тааныды

Шайлоодо 104 141 жаран добуш берип, 18 партия ат салышкан. Жети пайыздык чектен алты саясий партия өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссия Бишкек шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосун тааныды. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Жалпы жонунан шайлоо укугун 104 141 шайлоочу колдонгон. Жарактуу бюллетендин саны 103 431 болсо, 710у жараксыз деп таанылган. Шайлоодо 18 партия ат салышты.

Жети пайыздык чектен 6 партия өттү:

  • "Эмгек" — 11 мандат;
  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 9 мандат;
  • "Ишеним" — 8 мандат;
  • "Ынтымак" — 7 мандат;
  • "Өнүгүү-Прогресс" — 5 мандат;
  • "Социал-демократ" — 5 мандат.