Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясынын жеңиши жокко чыгарылды

БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталганын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясы жарыштан четтетилди. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталды деп билдирип, андан улам "Биздин Кыргызстан" саясий бирикмесин жарыштан четтетүүнү сунуштады. Ал эми БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун чыгарган корутундусун колдоду.

"Биздин Кыргызстан" партиясы шаардык кеңешке кайра шайлоонун алдында түзүлгөн. Жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов.

11-июлдагы шайлоодо Ош шаарында 32 пайыздан ашыгыраак добуш менен экинчи орунду ээлеген. Ал эми Бишкекте 7 пайыздык босогого бир аз жетпей калган.