БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардык кеңештен биринчи эле жыйынында коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүү маселесин карап берүүнү өтүндү. Бул тууралуу ЖКнын бюджет жанан финансы комитетинин жыйынында вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди.
Депутат Айнура Аскарова маршруткалардагы жол кире тарифи боюнча маселе кандайча чечилери тууралуу суроо узаткан.
“Тарифтерди көтөрүү боюнча сунушту шаардык кеңештин депутаттарына бердик. Маршруткадагы жол акыны – 15, автобус менен троллейбустардыкын 11 сомго жогорулатуу сунушталууда. Учурда биз шаардык кеңештин биринчи жыйынын күтүп жатабыз. Маселени алгачкы эле жыйында карап берүүнү өтүнгөнбүз”, – деди Сазыкулов.
Анын айтымында, Бишкек мэриясынын балансында 476 автобус болсо, анын 140ы гана иштейт.
“183 троллейбустун 110у гана линияга чыгат. Ал эми 3000 маршрутка каттоодон өткөн болсо, 900-1 300ү эл ташыйт”, – деди вице-мэр.
Эске салсак, июндун башында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаган.