Кыргызстанда бир суткада 13 миңден ашуун адам вакцина сайдырды  

Өлкөдө буга чейин Россиянын "Спутник V" жана Кытайдын Sinopharm вакциналары сайылып келген. Жакында эле гумжардам катары AstraZeneca препараты да келди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде эмдөөдөн 13 264 адам өткөн. Анын ичинен 11 866сы биринчи дозаны, 1 398и экинчи компонентин алганын Республикалык штаб кабарлады.  

Ага ылайык, вакцинация башталгандан бери эмдөөдөн 348 598 адам өттү. Вакцинаны толугу менен, тагыраагы, эки дозасын тең 107 636 киши алды. 

Жапаров: жакында Sinopharm вакцинасынан дагы 1 млн. 250 миң доза алынат
Өлкөдө буга чейин Россиянын "Спутник V" жана Кытайдын Sinopharm вакциналары сайылып келген. Жакында эле Азербайжан Кыргызстанга гумжардам катары AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын (20 миң адамга жетет) берип, аны менен да эмдөө башталды. 

AstraZeneca Оксфорд университети менен кызматташуу аркылуу шведдик-британдык фармацевтикалык компания тарабынан жасалган.