ЖМК: Олимпиада өтүп жаткан Токиого катуу тайфун жакындап келе жатат

Олимпиаданын уюштуруу комитети тайфундун жакындап жатканына байланыштуу мелдештердин расписаниеси өзгөрөрүн билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Олимпиада оюндары өтүп жаткан Токио шаарында жакынкы аралыкта үч кабаттуу үйдүн бийиктигиндей толкун болуп, катуу шамал жана нөшөрлөп жаан жаашы мүмкүн. Бул туурасында 360tv.ru порталы Япониянын Улуттук метеорология агенттигинин жергиликтүү ЖМКларга берген маалыматына таянып жазды. 

Ошондой эле “Непартак” тайфуну жакындап калганы кабарланган.

Жаратылыштын мындай кубулушу катуу жамгырды жана бийик толкундарды алып келери белгиленет. Азыркы учурда Япониянын түштүгүндөгү Тынч океанда жайгашкан Бонин аралын (Огасавара деген аталышы менен белгилүү) тайфун каптады. Аны менен катар катуу шамал болору да күтүлүп жатат. Азыр анын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетүүдө. Метеорологдор Токиого жакындаганда ылдамдыгы дагы өсүшү мүмкүн экенин болжогон.

Олимпиада: КР спортчуларынын мелдешке чыга турган убакыт-сааты
Тайфун Япониянын чыгыш жээгине жеткенде шамал толкунду алты-сегиз метр бийиктикке көтөрөрү айтылууда.   

Олимпиаданын уюштуруу комитети тайфундун жакындап жатканына байланыштуу мелдештердин расписаниеси өзгөрөрүн билдирген. 

Жайкы Олимпиада оюндары былтыр Япониянын борбору Токиодо өтмөк, бирок пандемияга байланыштуу быйылкыга жылдырылган.