Ысык-Көлдүн жээгинде пенчак-силат боюнча эл аралык мелдеш өттү. Сүрөттөр

Мелдеш Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылындагы пляжда өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын 120 спортчусу катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгинде спорттун пенчак-силат түрү боюнча эл аралык турнир өттү. Бул туурасында Пенчак-силат федерациясынын президенти Каныбек Бикбоев билдирди. 

Анын айтымында, мелдеш Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылындагы пляжда уюштурулуп, Кыргызстандын, Казакстан жана Өзбекстандын 120 спортчусу катышты. 

Алты жана андан жогорку курактагы балдар 22 категория боюнча таймашкан. Кыздардын дагы категориялары бар.

Мында Таиландда өтө турган Азия оюндарынын пляждык турнирине барчулар тандалып алынды. Пенчак-силат боюнча пляждык мелдеш быйыл экинчи ирет өтүп жатат.