Ошто согуш ардагерлеринин элесине арналган мрамор плиталары орнотулат. Сүрөт 

Шаар бийлиги согуштун 50гө жакын катышуучусунун ысымы жазылган плиталарды орнотууну пландап жатат. Жумуш жыл аягына чейин бүтүшү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы Салиева көчөсүндөгү аллеяда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин элесине арналып мрамор плиталары орнотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, согуштун 50гө жакын катышуучусунун ысымы жазылган плиталарды коюу пландалып жатат. 

Мындан тышкары, Салиева көчөсүндөгү аллеяда капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды. Жумуштун тендердик баасы 87 миллион сомду түздү. 

Учурда жолдогу эски асфальт менен арыктын чекелери алынууда. Көчө менен аллеянын реконструкциясын ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалып жатат. Мэриядан аллея 1972-жылы колдонууга берилгенин кошумчалашты.