Коронавирус 996 кишиден чыгып, 11 адам көз жумду. 25-июлдагы маалымат   

Пандемиядан бери расмий түрдө коронавирус менен 160 миңге чукул киши ооруп, дээрлик көбү сакайды. Каза болгондор 2 300гө жакындады.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 1 688 адам сакайды, дагы 995 киши жуктурса, тилекке каршы, 11 бейтап ооруну жеңе албай калды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.  

  • Бишкек — 542;  
  • Ош шаары — 14;  
  • Чүй — 178;  
  • Ош — 29;  
  • Талас — 24;  
  • Нарын — 21;  
  • Ысык-Көл — 48;  
  • Жалал-Абад — 79;  
  • Баткен — 60.  

Пандемиядан бери расмий түрдө 157 147 адамдан коронавирус аныкталды.  

Айыккандар:  

  • Бишкек — 1 217; 
  • Чүй — 157; 
  • Ош шаары — 89; 
  • Жалал-Абад — 73; 
  • Баткен — 72; 
  • Ысык-Көл — 45; 
  • Ош — 29; 
  • Талас — 4; 
  • Нарын — 2. 

Жалпы айыккандар 135 132 болду. 

Өткөн суткада вирус 11 адамдын өмүрүн алып, каза болгондор 2 249га жетти. 

Стационарда - 4180, ал эми амбулатордук түрдө 14 312 адам дарыланып жатат.